Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акыл жүгүртүүнүн жыйынтыгында пайда болгон нерсе. Экөө тең алда кандай терең ойлордун кучагына түшүп термелди (Жантөшев). Булактай кайнап түгөнгүс ою терең (Сыдыкбеков). Ой жеткен менен кол жетпейт (макал). Ойдун гүлдөгөнү – акылдын өркүндөгөнү (макал). 2. Аң сезимдин продуктусу, пикир. Капитан өзүнүн оюн бирөөгө түшүндүрүүгө абдан уста (Жантөшев). Сабыр азыр Сырганын оюн түшүнүп тургансып, балдарга суроо берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочугандыкты, таң калгандыкты билдирүүдө же бирөөнү чакырууда колдонулат. – Ой, Омор, сен эмне алдагы сүрөткө урушчудай карайсын, ыя?! (Сыдыкбеков). – Ой, келген акем турбайбы, – деп Сартбаев ордунан тура калды (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чуңкурураак жер, айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, ойдуң. Ал өзүнүн туулуп өскөн жеринин ой-чуңкурун калтырбай көргүсү келет (Сыдыкбеков). Чаргын быштысын желдирип келатып, ой-тоого карап коюп, өз алдынча күңкүлдөй берет (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев). Кайгынын баарын коёлу, Кара жерди биз быйыл Кетмендеп жатып оёлу («Манас»). 2. Тешүү, чукуп салуу. Бош эмес бардык аңыздар, Төмөндө коон, дарбыз бар, Бөйрөгүн оюп кетпесин, Карга деген кансыздар (Осмонов). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы). 3. Металлдын, жыгачтын ж. б. бетине из түшүрүп сүрөт, түр салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү. Үйлөр турат жашылдарга бөлөнүп, Тукабаны сүрөт менен ойгондой (Токомбаев).